Өрт. Архивдик сүрөт

Ош шаарына кире бериш жерде соода түйүндөрү, чайкана өрттөнүп жатат

3808
(жаңыланган 23:41 15.05.2018)
Өрт болжол менен саат 21.00дөрдө башталган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун Фуркат айылында жайгашкан "Кызыл-Суу" чайхананын болжол менен 200 чарчы метр аянты күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкектеги Каухар бизнес борборунан чыккан өрттүн видеосу
© Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосу
Өрттү өчүрүү үчүн биринчи бригада саат 21.01де чыгып кеткен. Учурда жеринде жалпы жонунан өрт өчүрүүчү беш унаа иштеп жатат.

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок экендигин билдирди. Тез жардам кызматы окуя болгон жерге келген. Саат 22:00дө өрт чектөөгө алынган. Өрт кырсыгы алгач соода түйүндөрүнөн жанаша жайгашкан чайканага өткөн.

3808
Белгилер:
чайханасы, Өрт, Ош
Тема боюнча
Бишкек: күйүп жаткан троллейбус, далбастаган өрт өчүрүүчүлөр. Видео, сүрөт
Пикирлер