Кара-Сууда жолдон өтүп бараткан өспүрүмдү жүк ташуучу унаа коюп кетти

CC BY-SA 2.0 / Shannon McGee / PedestrianНаезд на пешехода в КР
Наезд на пешехода в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул фактынын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

ОШ, 16-май, — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Суу районунун Медресе айылында Mersedes Benz – 308 унаасы 16 жаштагы баланы коюп кетти. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, окуя 15-май күнү саат 18:00дөр чамасында катталган.

"Ош — Эркеч-Там унаа жолунун 5-чакырымында Mersedes Benz —308 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 16 жаштагы баланы койдуруп кетти. Жаракат алган өспүрүм Ош облустук ооруканасына жаткырылган. Жабырлануучу жолдун бир тарабынан экинчи тарабына чуркап өтүүгө аракет кылган. Ал мезгилде катуу ылдамдыкта бараткан айдоочу унааны токтотуп калууга үлгүргөн эмес. Айдоочу Кара-Суу районунун 54 жаштагы Ж.А. аттуу жашоочусу экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактынын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан кырсыктын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0