"Орто-Сай" базарынан үч саат бомба изделип табылган жок

© Sputnik / Нурис АлымбаевСообщение о заложенной бомбе на Орто-Сайском рынке
Сообщение о заложенной бомбе на Орто-Сайском рынке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сатуучулар базарга кирип ишин улантып жатышат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан жардыруучу каражат табылган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Орто-Сай базарындагы бомбаны милиция ит менен издеди. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Орто-Сай" базарындагы бомбаны милиция ит менен издеди. Видео
Милиция кызматына чакыруу саат 12.30да келип түшкөн. Чалган киши ага белгисиз адам бомба коюлганын айтып, качып кеткенин билдирген. Базардын аймагы курчалып, издөө иштери үч саатка созулган. Натыйжада эч кандай күмөндүү нерсе табылган эмес.

Учурда соода жайы кадимки тартипте иштей баштады. Милицияга чалган киши изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0