Боомдогу кырсык: медиктер окуя болгон жерге барбай калган себебин айтышты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-май күнү кечинде Боом капчыгайында унаа аласалып кеткен. Кырсык болгон жерге чакырылган дарыгерлер келбей, жабырлануучуларды ооруканага милиция кызматкерлери жеткирген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кемин аймактык ооруканасы үстүбүздөгү жылдын 1-январынан август айына чейин ремонтко жабылган. Мындан улам Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 106-чакырымында болгон кырсыкка дарыгерлер барбай калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 15-май күнү кечинде болгон. Анда Nissan Cefiro унаасы аласалып кетип, натыйжада бир эркек киши, бир аял жана бир бала жабыркаган.

"Боом капчыгайында жол кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтчү медициналык пункт иштейт. 15-май күнү болгон окуя маалында дарыгерлер башка жакта кызмат көрсөтүп жүрүшкөн. Мындан тышкары, Кемин аймактык ооруканасы 1-январдан августка чейин ремонтко жабылган. Ошондуктан жабырлануучулар Чүй облустук, Токмок аймактык ооруканаларына жана Орловкадагы ооруканага жаткырылды", — дешти министрликтен.

Ошол күнү окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Тез жардам чакырып, бирок дарыгерлер кебегендиктен тартип сакчылары жабаркагандарды Кемин аймактык ооруканасына жеткирген. Бирок ал иштебей, бейтаптарды Токмок ооруканасына алып барууга аргасыз болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0