Сокулук: өрттөнгөн үйдүн ичинде калган үч кишинин экөө күйүп кетти

Жазылуу
Эки маркумдан сырткары, 46 жаштагы дагы бир адам жаракат алган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Сокулук районунун Сааз айылындагы турак үйдө өрт чыгып, анын кесепетинен эки киши каза болуп калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өрттөн көз жумгандардын бири 46 жашта болуп чыкты, экинчи кишинин ким экендиги, аты-жөнү такталууда. Эки маркумдан сырткары, 46 жаштагы дагы бир адам жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ өрт 150 чарчы метр турак-жайды камтыгандыгын билдирди. Учурда кырсыктын эмнеден чыккандыгы такталууда.

Буга чейин Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкканда терезеден кулаган аял каза болуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0