Бишкек: куткаруучулар батирдин бекилген эшигин ачып, кемпирдин сөөгүн тапты

Жазылуу
Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Чакыруу менен барган ӨКМдин куткаруучулары Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын сөөгүн тапкан. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

"16-майда, саат 17:04 чамасында Бишкек шаарынын куткаруучулары Панфилов көчөсүндөгү батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачып, 79 жаштагы кемпирдин сөөгүн тапкан", — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Буга чейин да Ош шаарында куткаруучулар батирлердин биринин эшигин ачып кирип, ичинен эркек кишинин сөөгүн тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0