Борбор калаадагы Бишкек парк соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн.

Бишкекте маршрутканын айынан бир нече киши жана автоунаалар жабыркады. Сүрөт

1187
(жаңыланган 11:54 18.05.2018)
Сүзүлгөн автоунаа күү менен келип, токтоп турган башкаларына урунган. Маршрутканын күнөөсүнөн улам төрт автокөлүк жабыркады.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Борбор калаадагы "Бишкек парк" соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Бул туурасында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

  • ДТП с микроавтобусом 224 напротив ТРЦ Бишкек парк
    Борбор калаадагы "Бишкек парк" соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн.
    © Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Бишкека
  • ДТП с микроавтобусом 224 напротив ТРЦ Бишкек парк
    Жол кырсыгы болжол менен түшкү саат бирлерге чукул болгон.
    © Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Бишкека
  • ДТП с микроавтобусом 224 напротив ТРЦ Бишкек парк
    Бул кырсыктан маршрутканын ичинде келе жаткан төрт киши жаракат алып, Тез жардам аларды ооруканага жеткирген.
    © Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Бишкека
1 / 3
© Фото / пресс-служба УОБДД ГУВД Бишкека
Борбор калаадагы "Бишкек парк" соода борборунун жанында №224 каттамдагы маршрутка токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн.

"Жол кырсыгы болжол менен түшкү саат бирлерге чукул болгон. Ичинде жүргүнчүлөрү бар кичи автобус токтотуучу жайга кирип бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Сүзүлгөн унаа күү менен келип, токтоп турган башкаларына урунган. Маршрутканын күнөөсүнөн улам төрт автокөлүк жабыркады", — деп айтышты милициядан.

Бул кырсыктан маршрутканын ичинде келе жаткан төрт киши жаракат алып, Тез жардам аларды ооруканага жеткирген.

Наркологиялык текшерүү кичи автобустун айдоочусу соо экендигин көрсөткөн. Кырсык боюнча топтолгон материал милицияга иликтөө үчүн өткөрүп берилген.

Кечээ, 16-майда, скутер айдаган киши жөө кетип барткан аялды коюп кеткен.

1187
Белгилер:
тез жардам, оорукана, милиция, микроавтобус, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (276)
Тема боюнча
Бишкекте бус тосмого кирип кетип, айдоочу каза тапты. Сүрөт
Бишкекте 12 жашар баланы автоунаа коюп кетти
Пикирлер