Ысык-Көлдө жол тосом дегендерге чара көрүлүп, беш аялга айып салынды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСитуация в Донецке
Ситуация в Донецке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 15-майда Григорьевка айылында болгон. Беш аял адилеттүүлүккө жетүү үчүн кишилерди топтоп жол тосууга аракеттенишкен.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында 50дөй киши Бишкек — Балыкчы — Ананьево жолун жабууга аракет кылышкан. Аны уюштургандарга айып салынганын Ысык-Көл ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

"15-май күнү Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын Фрунзе жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде айрым жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы — Ананьево — Каракол автокаттамын жабууга аракет болгон. Райондук укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жол жабылбай, автоунаалардын каттамы уланган", — деп айтылат маалыматта.

Государственная служба исполнения наказания - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте журналисттерге күч колдонгон соода борбордун күзөтчүлөрү кармалды
Ысык-Көл ОИИББдин маалымат кызматынын билдиришинче, 14-майда айылдагы жаштар мушташа кетип, таяк жеген баланын апасы чара көрүү үчүн милицияга кайрылган. Бул кадам экинчи тараптын нааразычылыгын жараткан.

Жергиликтүү милициянын маалыматы боюнча, таяк жеген баланын атасы былтыр мал уурдап кармалган. Мындай кылмыш көз жаздымда калып, болбогон бир мушташ үчүн арыз жазылганына нааразы болгон тарап жол тосууга аракет кылган.

Аталган фактыны териштирүү учурунда автожолду жабууга аракет көрүшкөн уюштуруучулардын ким экени аныкталып, беш аялга сот КР администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 231-беренесинин 1-пунктуна (Жолду мыйзамсыз тосуу) ылайык 300 сомдон айып салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0