Орозонун биринчи түнүндө Бишкекте мечит өрттөнүп кетти. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на Ошском рынке Бишкека
Крупный пожар на Ошском рынке Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоонун кесепетинен 1300 чарчы метр аянтчадагы килемдер жана эмерек күйгөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Борбор калаанын Баялинов көчөсүндөгү мечиттен өрт чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Өрт кырсыгы 18-майга караган түнү болжол менен саат 01.00дө болгону айтылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт боюнча маалыматты тастыктады. Кырсыктын кесепетинен 1300 чарчы метр аянтчадагы килемдер жана эмерек күйгөн. Жаракат алгандар болгон жок.

Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларынын техникалык эрежелеринин бузулушу себеп болгон.

Белгилей кетсек, быйыл орозо 17-майда башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0