УКМК: май куюучу жайдагы тоют салынган баштыкты бомба деп ойлоп алышыптыр

Жазылуу
Май куюучу жайдагы күмөн жараткан баштык тууралуу маалымат саат 10.40та түшкөн.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. УКМКга Чүй облусунун Новопокровка айылындагы май куюучу жайда жардыруучу зат коюлду деген маалымат жума күнү саат 19.40 түшкөн. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов тастыктады. 

“Жерине барган УКМК кызматкерлери май куючу жайдын аймагынан анда иштегендерди жана кардарларды чыгарышкан. Бирок саперлор табылган баштыкты ачып караганда, анда малга берчү тоют экени белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Анын айтымында, учурда май куюучу жайдын иши кайрадан жандандырылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0