Түрмөдө отурат делген киши "Ак-Өргөдө" ууруга кирип, үй ээсине тутулду

© AFP 2023 / NOEL CELISКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган киши буга чейин бир нече кылмышы үчүн сотттолгон.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкектин четиндеги "Ак-Өргө" конушунда турак жайга ууруга кирген кишини үй ээси кармап алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аны кармаган тургун өзү билдирди.

Үй ээсинин айтымында, кечээ, 19-майда, күндүз капыстан эле чоочун киши дарбазадан кирип келген. Үйдүн кожоюну анын кантип кирип, каякка баратканын сураганда эч нерсе дей албай өзүн жоготуп туруп калган. Анан аны кармоого аракет кылып экөө ошол жерде мушташа кетишет.

"Үйдө кош бойлуу келинчегим кичинекей кызым менен отурат. Аларга тийсе эмне болот деп корктум. Ууруну кармап, эки колун байлап аймактык тескөөчүнү чакырсак, ал келбей койду. Анан Сокулук райондук милициясына кабарладык. Алар келип алып кетишти. Кийинчерээк милиция кызматкерлери кармалган киши буга чейин соттолгонун жана учурда ал түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп отурушу керектигин айтышты", — деди жабырлануучу.

Манас аба майданына бараткан жолдо жайгашка Ак-Жол айылы - Sputnik Кыргызстан
Уктап жатсаң тоноп кетет. Ак-Жол айылын сызга отургузган табышмактуу уурулар
Ошондой эле аталган факты боюнча милицияга арыз жазганын кошумчалады.

Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен байланышып, уурунун кармалганын жана анын жазага тартылганын тастыктады. Милициянын билдиришинче ал буга чейин бир нече кылмыш иши боюнча соттолгон. Акыркы жолу уурулук кылып эркинен ажыратылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0