Ноокен: сел агызып кеткен Matiz унаасынын айдоочусу каза тапты

© Фото / пресс-служба МЧССел. Архив
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинанын ичинде дагы бир жүргүнчү болгон.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ноокен районундагы Ак-Жийде айылынын Биринча-Сай сайында сел агызып кеткен унаанын бир жүргүнчүсү аман калып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү саат 04:09да сууга Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасы агып кеткен.

Натыйжада машинанын ичиндеги 20 жаштагы Рустам Масудовду жергиликтү тургундар куткарып алышкан, ал эми 53 жаштагы М.Э аттуу айдоочунунун сөөгү табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0