Кара-Сууда велосипед тээп бараткан жети жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

© AP Photo / Julio CortezСлучаи наезда на велосипедиста
Случаи наезда на велосипедиста - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу Кара-Суу райондук аймактык ооруканасында жатат.

ОШ, 21-май — Sputnik. Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылында велосипед тээп бараткан жети жаштагы баланы унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу учурда ооруканада.

"20-май күнү саат 14:00дөр чамасында 24 жаштагы айдоочу өзүнүн Mazda 323F автоунаасы менен Савай айыл аймагынын Кең-Сай айылында бара жатып, велосипед тээп бараткан жети жаштагы баланы коюп кеткен. Жабырлануучу Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кара-Суу РИИБинин тергөө бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0