Сойкукана. Архив

Ош: өрт чыккан 12 кабат үйдүн жер төлөсүндө сойкукана иштеткен аял кармалды

1205
(жаңыланган 13:32 22.05.2018)
Апрелдин соңунда дал ушул үйдүн 5-кабатынан өрт чыгып, бир аял каза болгон.

ОШ, 21-май – Sputnik. Ош шаарында 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жай уюштуруу боюнча дагы бир факты аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, калаанын Ош районунда жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө сауна аныкталып, аны уюштурууга шектелип катары администратору кармалган.

"Аталган саунада сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жай уюштурууга шектүү катары Кара-Суу районунун 30 жаштагы жашоочусу, "Жанна" деген каймана ат алып жүргөн Н.Б. аттуу аял кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 94-беренесинин негизинде убактылуу жайга киргизилген. Бул факты боюнча учурда тергѳѳ иштери улантылып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ош шаардык соту шектүүнү үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

Эске сала кетсек, 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында калаанын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдө өрт чыккан. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкан 28 жаштагы келин жерге секирип, ооруканада комадан чыкпай каза болгон.

1205
Белгилер:
сауна, сойкулук, Ош
Тема боюнча
Оштогу өрт учурунда 5-кабаттан секирген кыз комада. Кырсыктын чоо-жайы
Ошто өрт учурунда 5-кабаттан кулаган аял каза болду