Кинодогудай! Бишкекте уурулар барскан менен башка жеп, алабайдан качты

Жазылуу
Кылмышкерлер бир түндө эки үйгө кирген. Биринде алабай тукумундагы ит кубалап чыкса, экинчи үйдүн ээси барскан менен тосуп алган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Аламүдүн райондук милициянын кызматкерлери бейбашчылык жана каракчылыкка шектелген беш адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Колу туткактар "Восток" айылында 19-майга караган түнү болгон эки окуядан кийин кармалган.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто жоголгон таксисттин өрттөлгөн сөөгү табылды. Шектүү чек арадан кармалган
Жабырлануучулардын биринин айтымында, түнкү саат 00.30дар чамасында бирөөлөр дарбазасын каккылаган. Ал каалгасын ачканда бет капчан, бири колуна бычак, экинчиси союл кармап алган бир нече адамды көргөн. Үй ээси каалганы жабууга ашыкканда, беркилер аны кармап калууга аракет кылып, чапчылашып калган. Үй ээси эптеп бошонуп, чуркап барып, алабай тукумундагы итин кое берген. Корккон каракчылар изин жашырган.

Экинчи жабырлануучу саат 00.45де короосунан күбүр-шыбыр добуштарды жана иттин үргөнүн угуп сыртка чыккан. Бет капчандарды көрүп, ай-буга келтирбей барсканды ала коюп, биринин башына шилтеп калат да, беркилеринин артынан кууп жөнөгөн. Ууруларга жетпей калган киши үйүнө келип, барскан менен башка жеген кишини да таппай калган.

Эки арыздануучу тең 20-25 жаш чамасындагы 5-6 кишини көргөнүн айтышкан. Милиция Кылмыш жаза кодексинин 234 (бейбашчылык) жана 168-беренелери (каракчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Ыкчам издөө аракеттеринин арты менен Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Бишкек шаарынын беш тургуну кармалган. Алардын эң улуусу 24 жашта, эң кичүүсү 17де болуп чыкты. Алардын бири уурулук боюнча төрт фактыга, дагы бири кылмыштын беш эпизодуна шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын үчөө үй камагына, экөө бир айга убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иши уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0