Ошто милиционер пара алып жатып кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБорьба с коррупцией в госорганах КР
Борьба с коррупцией в госорганах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ошто ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 4-майда ИИМдин ички иликтөө кызматына Оштун тургуну кайрылган. Ал өз арызында милиция кызматкери анын ишин жакшы жакка чечип берем деп акча талап кылып жатканын билдирген.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 313-304-беренелери (акча талап кылуу, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

"22-май күнү Ош ИИББинин кенже лейтенанты пара алып жаткан жеринен кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0