Бишкекте кагышкан 4 унааны бүтүрүүчүлөр айдап келе жатканы аныкталды

Жазылуу
Жол кырсыгы бүгүн Элебесов көчөсүнүн Чоң Чүй каналынан төмөнүрөөк жагында болду.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Борбор калаада мектеп бүтүрүүчүлөрү башкарып бара жаткан төрт унаа кагышканын Бишкек ЖКККБсынан билдиришти.

Жол кырсыгы 24-май күнү саат 12.20лар чамасында Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Сүзүшкөн унаалардын үчөө Mercedes, бири Lexus үлгүсүндө экени аныкталды.

"Унааларды быйыл мектепти бүтүп жаткан балдар башкарып бара жаткан. Алардын бири шаардагы №6, экинчиси №29 мектептердин, калган экөө Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучулары", — деп айтышты милициядан.

Милиция жеке унаа менен куугунга түшкөн. Кызды учура сүзгөн окуянын жаңы видеосу - Sputnik Кыргызстан
Милиция жеке унаа менен куугунга түшкөн. Кызды учура сүзгөн окуянын жаңы видеосу
Кырсыктан эч ким жабыр таркан жок, бирок унаалар айып короого киргизилди.

Ошондой эле милициядан буга чейин айтылгандай жети унаа кагышкан деген маалымат жалган экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, эртең, 25-майда 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү Акыркы коңгуроо майрамын белгилешет. Мындан улам республика боюнча ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштешет

Жаңылыктар түрмөгү
0