УКМК ар бири 9 миң сомдон алынган көчөттөр боюнча иш козгоду

© Sputnik / Максат ЭлебесовИмпортные саженцы в Южной магистрали Бишкека
Импортные саженцы в Южной магистрали Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин шаар бийлиги эки жылдан кийин көчөт сатып алынбай турганын айткан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Маалыматта 2017-жылдын 23-октябрында "Арт Грин" компаниясы менен ар бири 9090 сомго бааланган көчөттөрдү алып келүү боюнча келишим түзүлгөнү айтылат. Былтыркы жылдын бюджетинин бекитилген планына ылайык, май айында 60 миллион сомго көчөт сатып алуу каралган.

"2017-жылдын аралыгында "Арт Грин" компаниясы менен жалпы баасы 18 миллион 615 миң 980 сомго төрт келишим түзүлгөн. Ал эми "АГТ Азия" ишканасы менен 8 миллион 948 миң 816 сомго эки, "Зиар Строй" менен 14 миллион 481 миң сомго 6 келишим түзүлгөн. Ушу тапта козголгон кылмыш иштин алкагында аудит жүргүзүлүп, сатып алуунун натыйжалуулугу текшерилип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, муниципалитет чет өлкөдөн жалпы баасы 13 миллион 763 миң сомдук көчөттөрдү сатып алынганы маалымдалган. Баасына нааразы болгон коомчулукка "Зеленхоз" себебин да түшүндүрүп берип, андан кийин шаар бийлиги эки жылдан соң көчөттөр сатып алынбай турганын айткан.

Кийинчерээк тигилген көчөттөрдүн көбү куурап калганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0