Көлдөгү кардын кесепети: чабандар 20 млн. сомдон ашык чыгым тартты

© Фото / пресс-служба МЧСПадеж скота в двух селах Нарынской и Иссык-Кульской областей в результате заморозка
Падеж скота в двух селах Нарынской и Иссык-Кульской областей в результате заморозка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан облус боюнча 3379 кой, 98 баш уй жана 119 жылкы кырылган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймактарындагы жайыттарга түшкөн кар менен катуу шамалдын кесепетинен өлгөн мал жандыктардын жалпы материалдык чыгымы эсептелди. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Эскерте кетсек, 24-майга караган түнү Ысык-Көлдүн Ак-Суу, Тоң, Түп жана Ысык-Көл райондорунун тоолору менен жайыттарына кар жаап, мал өлгөн.

Акыркы маалымат боюнча облуста жалпысынан 3379 кой, 98 баш уй жана 119 жылкы кырылган. Анын кесепетинен чабандар жалпысынан 20 миллион 327 миң 680 сом материалдык чыгым тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0