КРде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делип канча киши каттоодо экени айтылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАвтомобильные воры
Автомобильные воры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурор 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчет берүүдө.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчет берип жатып, учурда 523 киши ири кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турарын айтты.

Анын айтымында, каттоого алынгандардын 424ү Көлбаевдин, 50сү Бокушевдин, 49у Батукаевдин кылмыштуу тобуна кирет.

"Мындан тышкары, жогорудагы кылмыштуу топторго тиешеси жок башка кылмыштуу топторго мүчө болгон 941 киши каттоодо турат. 2017-жылы ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн ИИМ тарабынан 241 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү каттоого алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошондой эле кармалгандардын арасында криминалдык чөйрөдө жогорку тепкичти ээлеген үч киши колго түштү", — деди башкы прокурор.

Кандидат на пост генерального прокурора КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Баш прокурор болчу Өткүрбек Жамшитов деген ким? Талапкер тууралуу 6 факты
Ал ошондой эле 2017-жылы атайын каттоого уюшкан кылмыштуу топтун 129 мүчөсү алынганын кошумчалады.

Бүгүн, 30-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурордун 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчетун угуп жатат.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушул жылдын апрель айынын аягында аталган кызматка дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0