Жол инспекторун жөөлөй айдаган аялдын экс-депутат атасы үн катты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота автосалонов в Омске
Работа автосалонов в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында жолтандабас менен кайгуул милициясын жөөлөй айдаган айдоочу 43 жаштагы аял экени айтылган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерин жолтандабасы менен жөөлөгөн айдоочу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы Нургүл Балтабаева болуп чыкты. Бул маалыматты Sputnik агенттигинин кабарчысына экс эл өкүлү өзү тастыктады.

"Бул жерде авто инспектор менен айдоочунун ортосунда түшүнбөстүктөр болуптур. Журналисттер мындан эмнеге сенсация издеп жатканын түшүнгөн жокмун. Кызым өз үй-бүлөсү менен башка үйдө жашайт. Көп болсо жумасына бир ирет ал-жай сурашабыз. Ошондуктан бул окуя тууралуу мен дагы ЖМКлардан окудум. Менин кызым болобу, же башка бирөөнүн кызыбы, эгер мыйзам бузган болсо жооп бериши керек. Мен эч кимди негизсиз коргобойм. А балким жол инспектору ага одоно сөз айтып, өзүнөн чыгаргандыр. Эмнеси болсо дагы компетенттүү органдар иликтесин", — деди Балтабаев.

Эске салсак, Бишкек шаарында айдоочу жолтандабас менен кайгуул милициясын жөөлөй айдаган видеону редакцияга күбө жиберген.

Кийин ЖКККББ авто унаанын рулунда 43 жаштагы аял болгонун маалымдаган. Билдирмеге ылайык, аял административдик протоколго кол койгондон баш тартып, андан кийин кетип калууга аракет кылган. Айдоочуну коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айыпка жыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0