Чукул кабар! Аскарбек Шадиевдин кайсы өлкөдө экени аныкталды

© пресс-служба политпартии "Республика"Шадиев Аскарбек Алимбаевич
Шадиев Аскарбек Алимбаевич - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев ага кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент — Москва каттамы менен учуп кеткени аныкталды. Андан ары КР дипломаттык паспортун колдонуп, Нью-Йорк шаарына кеткен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Аскарбек Шадиев өлкөдөн качан, кантип чыгып кеткенинин чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар

Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Суу кечип өткөн! Шадиев Кыргызстандан качан, кантип чыгып кеткенинин чоо-жайы
Эске салсак, апрель айынын соңунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, камакка алуу өкүмүн чыгарган


Жаңылыктар түрмөгү
0