Экс-Депутат Аскарбек Шадиевдин архивдик сүрөтү

Суу кечип өткөн! Шадиев Кыргызстандан качан, кантип чыгып кеткенинин чоо-жайы

4498
(жаңыланган 09:11 04.06.2018)
УКМК Шадиев тергөө органдарынан качып жүргөндүктөн издөөгө алынганын маалымдаган болчу.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев ага кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент — Москва каттамы менен учуп кеткени аныкталды. Андан ары дипломаттык паспорту менен Нью-Йорк шаарына кеткен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарындагы тууганынын зыйнатына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынан сууну кечип кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

"Шадиевдин жакындарынын айтымында, ал дарыланууга кетип, бир-эки жуманын ичинде кайтып келет. Бирок Шадиев азыркыга чейин тергөө органдарынан жашынып жүргөндүктөн издөөгө алынды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, апрель айынын соңунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ошондой эле Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, камакка алуу өкүмүн чыгарган.

Жакында эле УКМК Шадиев менен жакын тууганынын мүлкүн камакка алганын жар салды. Кеп бир нече батир менен турак үй жана 12 компаниядагы үлүш тууралуу болууда. 

4498
Белгилер:
качуу, УКМК, Аскарбек Шадиев, Тажикстан, АКШ
Тема:
Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иши (20)
Тема боюнча
Чукул кабар! Аскарбек Шадиевдин кайсы өлкөдө экени аныкталды
Аскарбек Шадиев азыр кайда? Күч органдарынын жообу
Аскарбек Шадиевдин кайда экени парламентте талкуу жаратты
Санкт-Петербургдагы макулдашылбаган акциялар

Россиядагы макулдашылбаган акциялардын урунттуу учурлары

113
(жаңыланган 23:14 23.01.2021)
Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.

РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.

Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.

Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.

Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады

Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.

Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.

Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.

Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.

АКШ элчилигинин маалыматы жана Россия ТИМинин реакциясы

Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.

РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.

Бийликтин эскертүүсү

Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен. Иш-чара провокация катары бааланары белгиленген. Муну менен катар Башкы прокуратура интернетке тарап жаткан митингге катышуу чакырыктарын өчүрүү талабын койду (буга мыйзам менен дагы тыюу салынган). РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков акцияга провокаторлор чакырып жатканын билдирип, алардын максаты баарына белгилүү экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.

113
Белгилер:
полиция, бийлик, акция, Россия
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады
Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок
Жарылуу болгон жерде газ баллон. Архивдик сүрөт

Таластагы тамактануучу жайда газ баллон жарылып, жаракат алган аял көз жумду

78
(жаңыланган 19:14 23.01.2021)
4-январда Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Талас облусунда коомдук тамактануучу жайдан газ баллон жарылып жаракат алган аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.

39 жаштагы аял 21-январь күнү көз жумган. Ал күйүк алып өтө оор абалда ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Белгилей кетсек, 4-январь күнү Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон. Анын кесепетинен 11 адам жаракат алган, арасында жаш балдар дагы бар. Төртөө өтө оор абалда райондук ооруканага жаткырылган. Ар кимисинин күйүгү ар кандай деңгээлде болгон.

Реанимацияда жаткандардын экөө Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которулган.

78
Белгилер:
өлүм, күйүк, жарылуу, баллон, газ, Талас
Тема боюнча
Денесинин 82%ы күйгөн. Таластагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды
Мурдагы Фрунзе заводунда жарылуу болуп, үч адам жабыркады