БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова бараткан автоунаа Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы мүрзөнүн тосмосун сүзүп, ала салып кеткен. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.
Ага ылайык, жол кырсыгы тууралуу Ысык-Көл РИИБге кечээ, 2-июнда болжол менен саат 21.20да түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда Ravon үлгүсүндөгү унаа ала салган тейде жаткан.
"Унаа мүрзөлөрдү бойлото кыш менен тосулган дубалды сүзүп, ала салып кетиптир. Машинада үч адам болгон, алардын баары Бишкек шаарынын тургундары экени аныкталды. Унаанын ичинде бара жаткан 36 жаштагы жүргүнчү жаракат алып Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Экинчи жүргүнчү Сания Шакирова окуя болгон жерде жан берген. Рулду 31 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Аны туугандары Бишкекке алып кетип, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырышты. Абалы оор", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча, кылмыш жаза кодексинин 281-беренеси менен кылмыш иши козголду. Баардык материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү — 2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек берип кеткен.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Beeline соода маркасы менен таанылган "Скай Мобайл" компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта аталган компания салык төлөөдөн качканы аныкталып, 2019-жылдын ноябрында Жазык кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Мунун алкагында Финпол "Скай Мобайл" ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, натыйжада компания кирешесин жашырып өзгөчө ири суммадагы салык төлөбөй койгонун ачыкка чыгарган.
"Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания мамлекеттик бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сомдук зыяндын ордун толтурду", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Финпол тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатканы белгиленет.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ташкент шаарындагы "Шовотландия" кафесине өрт коюуга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Чилензарск районундагы кафеден чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 27-февралда түнкү саат 3:51лер чамасында түшкөн. Жалын саат 4:37де чектөөгө алынган. Кийинчерээк шаардык милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден беш студент ууланып каза болгонун кабарлаган.
Милиция Самарканд облусуна караштуу Тайлак районунун тургуну, мурда соттолгон жаран атайылап өрт коюушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, ал 27-февралда саат 3:30да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен кафеге келип, дубалына белгисиз суюктук чачкан. Андан соң ичине дагы бир идиштеги суюктукту ыргытып күйгүзүп жиберген. Шектүү өрт тутанганча карап туруп, анан качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча "Атайылап жок кылуу жана мүлктү зыянга учуратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Ташкент прокуратурасы жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу РИА Новости аталган президенттин маалымат кызматынын сайтына таянып кабарлады.
"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.
"Анда Беларусь башчысы бийликти өзүнүн балдарына берүү боюнча маалыматты четке каккан. Тагыраагы, кеп бул жерде улуу баласы туурасында жүргөн. Мамлекет башчысы Виктор Лукашенко УОК жетекчилигине шайлангандан кийин мамлекеттик кызматкер болбой тургандыгын, аны президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчылыгынан бошотушарын айткан", — деп жазды РИА Новости.Беларусь президенти Лукашенко буга чейин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы болбой турганын жар салды.