Дүйнөнүн сулуу айымы Сания Шакирова баратып кырсыктаган автоунаа сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан жиберишти

Тамтыгы калбаптыр! Сания Шакирова кырсыктаган унаанын үрөй учурган сүрөттөрү

5607
(жаңыланган 08:54 04.06.2018)
Автоунаанын дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү тулкусу таптакыр жалпайып калган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова баратып кырсыктаган автоунаа сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан жиберишти.

  • Дүйнөнүн сулуу айымы Сания Шакирова баратып кырсыктаган автоунаа сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан жиберишти
    "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова баратып кырсыктаган автоунаа сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан жиберишти
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан
    Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • Дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү тулкусу таптакыр жалпайып калган
    Дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү тулкусу таптакыр жалпайып калган
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • Жол кырсыгы, кечээ 2-июнда болжол менен саат 21.20да Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болгон
    Жол кырсыгы, кечээ 2-июнда болжол менен саат 21.20да Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болгон
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • Сания Шикирова Ravon Nexia үлгүсүндөгү такси менен бара жаткан
    Сания Шикирова Ravon Nexia үлгүсүндөгү такси менен бара жаткан
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • Машина мүрзөнү  бойлото тосулаган дубалды сүзүп, ала салып кеткен.
    Машина мүрзөнү бойлото тосулаган дубалды сүзүп, ала салып кеткен.
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
1 / 6
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
"Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова баратып кырсыктаган автоунаа сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан жиберишти

Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан. Дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү тулкусу таптакыр жалпайып калган.

Жол кырсыгы, кечээ 2-июнда болжол менен саат 21.20да Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болгон. Сания Шикирова Ravon Nexia үлгүсүндөгү такси менен бара жаткан. Машина мүрзөнү  бойлото тосулаган дубалды сүзүп, ала салып кеткен. Салондо үч адам болгон. Кырсык болгон жерде Шакирова мүрт кетип, айдоочу менен дагы бир жүргүнчү ооруканага жактырылган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кырсыкка кабылган Ravon Nexia унаасы Namba Taxi компаниясына таандык экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү — 2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек берип кеткен.

5607
Белгилер:
жол кырсыгы, Сания Шакирова, Ысык-Көл облусу
Тема:
"Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова каза болду (18)
Тема боюнча
Автоунаа мүрзөнү тоскон дубалды сүзгөн. Сания Шакирова каза болгон кырсыктын чоо-жайы
Түндө "Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болду