Случаи наезда на автомобиле

Namba Taxi: Сания Шакирова түшүп бараткан унаа уурдалган болушу мүмкүн

5221
(жаңыланган 13:29 04.06.2018)
Милиция кырсыкка кабылган Ravon Nexia унаасы Namba Taxi компаниясына таандык экенин кабарлаган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова түшүп бара жаткан автоунаа Namba Taxi компаниясынан уурдалышы мүмкүн. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган ишкананын операциялык директору Ксения Тимофеева билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы буга чейин кырсыкка кабылган Ravon Nexia унаасы Namba Taxi компаниясына таандык экенин кабарлаган. Шакированын өмүрүн алган окуя 2-июнда саат 21.00дөр чамасында Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болгон. Машина мүрзөнү бойлото тосулган дубалды сүзүп, ала салып кеткен. Кырсык болгон жерде Сания Шакирова мүрт кетип, айдоочу менен дагы бир жүргүнчү ооруканага түшкөн.

"Биздин компанияга таандык автоунаа Бишкектен 2-июндун таңында чыгып кеткен. Айдоочу көп жол жүргөндүктөн, кечинде Ысык-Көлдө жашаган жакындарынын үйүндө түнөп калууну чечкен. Кырсык учурунда ал каттамда иштеп жаткан эмес. Мындан улам, унаа уурдалган же биздин айдоочунун жакындары уруксатсыз айдап кеткен деп болжолдоп жатабыз", — деди Тимофеева.

Ошондой эле ал, такси кызматын пайдаланууга уруксат алган айдоочусу 27 жашта болгонун, учурда Namba Taxi компаниясынын кызматкерлери окуянын чоо-жайы менен таанышуу үчүн окуя болгон жакка жөнөп кеткенин кошумчалады.

Ал эми Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы кырсык болгон маалда рулда 31 жаштагы киши отурганын билдирди. Бирок Namba Taxi ишканасына таандык автоунаа уурдалганы боюнча да арыз түшпөгөнү маалымдалат. Окуяны тактоо үчүн унаага ээлик кылган 27 жаштагы жаран суракка чакырылды.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү — 2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек берип кеткен. Бул анын акыркы интервьюларынын бири болуп калды.

5221
Белгилер:
урдоо, такси, Сания Шакирова, Ысык-Көл облусу
Тема:
"Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова каза болду (18)
Тема боюнча
Тамтыгы калбаптыр! Сания Шакирова кырсыктаган унаанын үрөй учурган сүрөттөрү
Автоунаа мүрзөнү тоскон дубалды сүзгөн. Сания Шакирова каза болгон кырсыктын чоо-жайы
Депутат Чыныбай Турсунбеков

Депутаттар ЖКнын экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун каза болгонун айтууда

700
(жаңыланган 01:12 07.07.2020)
Чыныбай Турсунбеков 60 жашта. Буга чейин ал пневмония оорусуна чалдыгып ооруканада жатканы айтылган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду  деген маалыматтарды бир катар ЖМКлар, ЖКнын бир нече депутаттары социалдык тармакка жазышты. Ал эми ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу  журналисттер жана башкаларды сабырдуулукка чакырып, маалыматтын тастыктала электигин айтты.

“Чыныбай Акунович... Бейиштен орун берсин. Жакындарына көңүл айтам. Дагы бир мыкты инсан арабыздан кетти..., — деп жазды депутат Кожобек Рыспаев.

Эльвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев да социалдык тармакта көңүл айтты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Турсунбеков Бишкектеги Улуттук госпиталдын тез жардам терапия бөлүмүндө көз жумган.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Турсунбеков буга чейин пневмония оорусуна чалдыгып, абалы оор экенин айрым ЖМКлар жазышкан.

"Депутат жакынкы күндөрү өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү. Алдын ала диагнозу пневмония. Коронавируска карата ПЦР-тести таза чыккан", — деп жазган эле Нуракун уулу.

Чыныбай Турсунбеков 60 жашта эле, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын төрагасы болуп иштеген.

700
Белгилер:
пневмония, өлүм, депутат, Чыныбай Турсунбеков
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду
Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

144
(жаңыланган 23:33 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

144
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда
Аял коопсуз бет капчан ноутбукта иштеп жатат. Иллюстративдик сүрөт

25 жыл "аралыктан" иштеген киши кантип өзгөрөт. Ойго салган сүрөт

0
(жаңыланган 09:02 07.07.2020)
Адистер аралыктан иштөө кишинин организмине кандай таасирин тийгизерин иликтеп чыгып, аны кызматкер кыздын сүрөтүнүн мисалында көрсөтүп берген.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Британиялык Directly Apply фирмасы 25 жыл бою аралыктан иштеген жаш жигиттин моделин жасап чыкты. Алардын колунан чыккан сүрөт көптөрдү таңгалдырып, ал тургай көңүл оорутканын Fox News баяндаган.

Адистер аралыкта иштөөнүн адамдын организмине тийгизген таасирин иликтеп чыгып, аны кызматкер кыздын мисалында көрсөткөн.

Моделге авторлор Сьюзен деп ат коюшкан. Моделди түзүүгө компанияга клиникалык психологдор менен фитнес-эксперттер жардам берген.

Аралыктан иштеген кызматкер тушуккан биринчи көйгөйдү эксперттер компьютерге байланыштырган, бул көзгө күч келгенде жаралган жагымсыз жагдай. Ал көздү кургатып, кээ бир учурларда тамырчалардын жарылышына алып келет. Бул акырындап отуруп көрүүнү начарлатат.

Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт

Көпкө чейин дене тарбия көнүгүүлөрүнүн жасалбай калышы, экранга тигилип отура берүү моюндун гипертрофияланган оорусуна, желке тараптын, ийиндин акырындап жооноюп кетишине алып келет. Бул күн санап көбөйө берүүчү көрүнүш.

Ашыкчы кыймыл кылбай кечке отуруу, тамакты жөндөп ичпегендик жана дене тарбия көнүгүүлөрүнүн жоктугу организмге ашыкча майды топтойт.

Аралыктан иштөө адамдар байкабаган нерселерди да жаратышы мүмкүн. Адамдын манжаларын клавиатурада көп иштеп отуруп кокустатып алышына, D витаминдин жоктугунан чачтардын түшө башташына жана көздүн алдындагы шишиктердин пайда болушуна алып келери айтылган.

Кечке чейин отуруп иштегендерди 20 жылдан соң эмне күтөт? Үрөй учурган видео

Башкалар менен көп сүйлөшпөө жана иштен улам компьютерден көз албай отуруу организмде стресс гормондорунун көбөйтүп жиберет. Бул кандын басымына таасирин тийгизип, ден соолукту аксатат.

Эксперттер иште денени түз кармап отурууга, мезгил-мезгили менен ордунан туруп, ары-бери басууга кеңеш берген. Андан сырткары иш столунда компьютердин, клавиатуранын, экрандын туура жайгашуусу да маанилүү экендиги айтылган. Майда делгени менен булар иш процессинде кадимкидей эле таасирин тийгизет деп кошумчалашкан.

0
Белгилер:
кесепет, организм, изилдөө, дистанттык иштөө
Тема боюнча
Түндө телефонду көп тиктесе кесепети кандай болот? Офтальмолог Мамытова менен маек