Жүргүнчү аялга кол салган маршрутка айдоочусу иштен четтетилди

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада турган шаар тургундары. Архив
Аялдамада турган шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармакта айдоочу менен жүргүнчү аялдын ызы-чуусу тартылган тасма тараган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Аялга кол салган микроавтобустан айдоочусу окуянын чоо-жайы аныкталгыча №243 маршруттук каттамдан четтетилгенин Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Күбөгө милиция менен таксисттин жаңжалын тартпа деп тоскоолдук кылышты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Күбөгө милиция менен таксисттин жаңжалын "тартпа" деп тоскоолдук кылышты. Видео
Буга чейин социалдык тармакта айдоочу менен жүргүнчү аялдын чатагы тартылган видео тараган. Тасмада аялдын маршруттук таксиден түшүп, эшикти жапканы көрүнүп турат. Артынан айдоочу чуркап чыгып, аялды жерге жыгып, бир нерсе тууралуу талашып-тартышып жатканы байкалат. Андан соң экөө кайра унаага түшөт, бирок салон ичинде эмне болуп жатканы түшүнүксүз. Бир аздан кийин маршрутка жүрүп кетет.

Мэрия аталган фактыны милиция иликтеп жатканын, айдоочу убактылуу жумуштан четтетилгенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0