БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунда эркек киши аялы менен анын биринчи турмушунан төрөлгөн беш жана эки жаштагы эки баласын сабап салган. Бул тууралуу Чүй ОИИБ кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга билдирүү аймактык ооруканадан 4-июнда саат 21.00дө түшкөн.
"Милициянын ыкчам тобу ооруканага жөнөп жаткан маалда бөлүмгө 24 жаштагы келин келип, күйөөсү ур-токмокко алганын айтты. Ал сабалган эки баланын энеси болуп чыкты", — дешти милициядан.
Аялдын айтымында, болжол менен саат 20.00дө мас болуп келген күйөөсү ага кол көтөрө баштаган. Келин балдарга тийбейт деген ой менен аларды таштап качып чыккан.
Жабыркаган келин балдарынын да сабалганын милиция бөлүмүнөн билген, ушу тапта алар Сокулуктун аймактык ооруканасында. Бардык тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ал эми эркек киши окуянын чоо-жайы такталмайынча милиция бөлүмүндө болмокчу. Андан кийин анын аракетине юридикалык баа берилет.