Прокуратура: Бишкекте жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткен

Жазылуу
Факты боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте жер тилкеси мыйзамсыз негизде убактылуу колдонууга берилип кеткендиги боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда 2017-жылдын 20-июлунда "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мыйзамсыз негизде "Р.Т." ЖЧКсына 0,31 гектар жерди берүү боюнча сунушун комиссиянын кароосуна жиберген. Бирок аталган жер кызыл линияда экени корутундуда атайылап көрсөтүлгөн эмес.

"2017-жылдын 21-июлунда комиссия ЖЧКга жерди убактылуу бөлүп берүүгө уруксат берген. Аталган чечимдин арты менен жер беш жылга ижарага берилип кеткен. Кийин "Р.Т." ЖЧКсы жер тилкени "П.А." атуу ЖЧКга 3,4 миллион сомго сатып жиберген", — деп айтылат маалыматта.

Арест подозреваемого в краже - Sputnik Кыргызстан
Финпол хан сарайы тинтүүгө алынган бажычынын кесиптешин кармады
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Бишкекбашкыархитектура" ишканалары аталган компаниянын кызыкчылыгын коргоп, кошумча жер тилкесин бөлүп берип койгон.

Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0