Санкт-Петербургда эки КР жараны бычакталды. Кылмышка бир нече киши шектелүүдө

Жазылуу
Жабыркаган кыргызстандыктардын бири 20, экинчиси 28 жашта болгон.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Санк-Петербург шаарынын Колпинский районундагы Понтонный айылында белгисиз адамдардын кол салуусунан эки кыргызстандык жаран бычак жеди. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 31-май күнү болгон. Анда Сузактын Кызыл-Сеңир айылынын 20 жаштагы жана Таш-Көмүр шаарынын 28 жаштагы тургундары бычак жеп ооруканага жаткырылган. 

“Элчиликтин кызматкерлери КР жарандары дарыланып жаткан ооруканага барып кабар алды. Алардын бирөө медициналык жардам алып дүйшөмбү күнү үйүнө чыгарылса, экинчиси көп жеринен жаракат алгандыктан төрт күн жандандыруу бөлүмүндө жатып өзүнө келген. Учурдагы абалы канааттандырарлык-оор деп бааланууда”, — деп жазылат маалыматта. 

Бул боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Анын алкагында Кыргызстандын жарандарына кол салууга шектелип бир нече адам кармалды. Күнөөлүүлөрдү издөө дагы да уланып жатканы айтылат. 

Бул маселени элчилик өз көзөмөлүнө алганын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0