Бишкек: көчөдөн ала качып бара жаткан кызды күбөлөр алып калышты

© Sputnik / Табылды КадырбековНасилие над женщинами в Кыргызстане
Насилие над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Чүй проспектисиндеги Туризм академиясынын жанында болгон.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде эки кишини кыз ала качууга аракет кылып жаткан жеринен күбөлөр токтотуп калышты.

Бул тууралуу Facebook тармагынын колдонуучусу Alma Karsymbek өзүнүн баракчасына жарыялады.

Күбөнүн айтымына караганда, окуя Чүй проспектисиндеги Туризм академиясынын жанында болгон.

"Бир нече бала жол жээгинде кетип бара жаткан кызды кармап алып, унаага зордук менен салууга аракет кылышты. Ошол маалда өтүп бара жаткан унаалар токтоп, алардын айдоочулары жана башка күбөлөр кыз салынган машинаны тегеректеп калышты. Бирок унаанын ичиндеги балдар эшиктерди бекитип алып, беттерин жашырып отурушту", — деп жазылган постто.

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз! аттуу флешмоб болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Жаштардын шаан-шөкөттүү флешмобу Бурулайдын мугалим, курсташтарын капалантты
Күбөлөр дароо эле милиция чакырышкан. Бишкек ШИИБи дагы аталган фактыны тастыктады.

"Кыз ала качуу боюнча чакыруу түшөрү менен жерине кызматкерлер барышты. Унаада отурган 28 жана 21 жаштагы эки жаран кармалды", — дешти милициядан.

Учурда экөө тең Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилип, Кылмыш жана жаза кодексинин 155-беренеси (Аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0