Негедир адамдын этин жегим келди... 90-жылдардагы үрөй учурган кылмыштар

© Sputnik / Табылды КадырбековКолуна бычак кармаган адам. Архив
Колуна бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан туура чейрек кылым мурун коомчулукту кандай кылмыштуу иштер дүрбөлөңгө салган?

Атасын кызматтык тапанча менен атып өлтүргөн лейтенант, кичинекей чүрпөнү зордуктоого аракет жасаган өгөй ата жана көчөдөгү селсаякты өлтүрүп, мүчөлөгөн шектүү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун июнь айында чыккан гезиттерди барактап, ошол учурдагы оозду ачырган окуяларды сунуштайт.

© Sputnik / Мирбек СакеновСелсаяктын башы, колу кесилип…
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Селсаяктын башы, колу кесилип…

Селсаяктын башы, колу кесилип…

Борбор калаада милиция кызматкерлери түндө көчөдө кетип бараткан шаар тургунун токтотуп, аны тинтүүгө алышкан. Ошол учурда анын көтөрүп жүргөн баштыгынан адамдын кесилген башы менен колу чыгат. Андан көп өтпөй ошол райондогу парктын аймагында дене мүчөсү жок адамдын сөөгү табылган. Колго түшкөн шектүү суракта негедир адамдын этин даамдагысы келгендигин, ал үчүн көчөдө бөтөлкө чогултуп жүргөн эркекти өлтүргөндүгүн айткан. Тергөө маалында ал киши психологиялык жактан оорулуу экендиги, атайын каттоодо тургандыгы аныкталган.

© Sputnik / Мирбек СакеновАтасына ок аткан уул
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Атасына ок аткан уул

Атасына ок аткан уул

Милицияга 52 жаштагы жаран тапанча менен өзүн-өзү атып алды деген кабар түшкөн. Жерине барып иштеген адистер Макаров тапанчасынын огу маркумдун жаагына тийигени жана курал анын уулунуку экендигин аныктаган. Ошондой эле баллистикалык экспертиза каргаша капысынан эмес атайы жасалгандыгын тактаган. Жыйынтыгында кылмышка шектелип 29 жаштагы ок жеген кишинин лейтенант баласы колго түшүрүлгөн.

© Sputnik / Мирбек СакеновӨгөй атанын былыктары
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Өгөй атанын былыктары

Өгөй атанын былыктары

Эки жаштагы ымыркайды өгөй атасы катуу сабап, зордуктоого аракет жасаган. Кичинекей чүрпө баш мээси чайкалып, колу сынып, дене-башы көгала, күйүк болгон абалда ооруканага түшкөн. Милиционерлер жабырлануучунун атасын камакка алып, кылмыш ишин козгогон. Шектүү ал иштерди жасагандыгын четке каккан эмес. Соттук-медициналык экспертиза да анын акыл-эси жайында эместигин аныктап, психиатриялык ооруканага эки айга жөнөткөн.

© Sputnik / Мирбек СакеновБеш жылга кесилген келин
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Беш жылга кесилген келин

Беш жылга кесилген келин

Соттолгон келин кырсык болгонго чейин жолдошу менен жашап, бирге түтүн булатып, кичинекей кызын тарбиялап келген. Бирок анын кубанычы бат эле азапка айланган. Себеби анын ичкилик ичип, наркотикалык заттарды колдонгон жолдошу жубайына көп кол көтөрө баштаган. Мас абалында колуна эмне тийсе ошону менен аялын, кызын, жада калса кайнатасын кошо уруп турган. Так ошондой күндөрдүн биринде чыдамы кеткен келин ачууланып, уктап жаткан күйөөсүн балтанын сабы менен койгулап өлтүргөн. Сот бардык жагдайларды эске алып, аны беш жылга эркинен ажыраткан.

© Sputnik / Мирбек СакеновТонолгон подполковник
Преступления 90-годов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Тонолгон подполковник

Тонолгон подполковник

Түндө кетип бараткан подполковниктен үч адам жардам сурап, анын жеңил унаасына түшүшкөн. Бир маалда жүргүнчүлөр айдоочу милиционерге кол салып, машинасын айдап кетишкен. Кызыгы, катуу сабалган жабырлануучу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигин аркалаган кызматкер болуп чыккан.

Май айындагы чуулгандуу соттук чечимдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар

Жаңылыктар түрмөгү
0