Өзгөндө 17 жаштагы улан сууга чөгүп каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековНесчастные случаи в озерах КР
Несчастные случаи в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар бир жарым сааттан кийин суудан баланын сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылынын Мырза-Арык айылында 17 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуя бүгүн болгон.

"17 жаштагы улан Төрт-Гүл көлүнө чөгүп кетип, куткаруучулар бир жарым сааттан кийин суудан анын сөөгүн алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Сууга түшүүдө этият болбосо кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи. ӨКМдин куткаруу кызматы сууга түшүү учурунда болбой турган нерселерди айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0