Баткенде 18 жаштагы жоокер жанын кыйды

Жазылуу
Окуя Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында болгон.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Түзөтүү мекемесинин №19 аскер бөлүгүндө жоокер өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Окуя Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында 6-июнда болгон.

"2000-жылы туулган жоокер Ош облусунан аскерге чакырылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жоокер эмне үчүн мындай кадамга барганы белгисиз, ушу тапта тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0