БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында 59 киши ачкачылык жарыялады. Алардын 10у оозун тигип алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, алардын бардыгы экстремизмге айыпталып камалган.
"Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында 5-июнь күнү камактагы 10 киши жарыялаган. Бүгүнкү күндө алардын саны 59га жетип, үч тамактан баш тартышты. Алардын 10у оозун тигип алды", — деп айтылат маалыматта.
ЖАМКтан билдиришкендей ачкачылык жарыялаган камактагы кишилер менен психологдор иштеп жатат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.
Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.
Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.
Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
Кудайга сыйынып жаткан аял
Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
Дин кызматкери зыярат учурунда
Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү