Чүйдө эл ташыган маршрутка тракторду сүзүп, өспүрүм кыз каза болду

Жазылуу
Жол кырсыгы 10-июнда саат 17:00дөр чамасында Төмөнкү Чүй айылында болгон.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Төмөнкү Чүй айылында №326 маршрутка тракторду сүзүп, 15 жаштагы кыз каза болуп, үч киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

"Жол кырсыгы 10-июнда саат 17:00дөр чамасында Бишкек — Камышановка жолунда катталган. Маршрутканын айдоочусу МТЗ-30 үлгүсүндөгү трактордун чиркегичин сүзгөн", — деп милициядан маалымдашты.

Айдоочу жабыркаган эмес, бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0