БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарында ажаткана үчүн казылган аңга түшүп кеткен 61 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 11-июнь күнү кечке маал болгон. Чуңкурдун тереңдиги үч метр экени айтылды.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар сөөктү аңдан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.