В Бишкеке столкнулись автомобили марок Toyota Allion и Honda Accord

Бишкекте эки жеңил унаа кагышып, айдоочу кыз жабыркады. Сүрөт

302
(жаңыланган 12:46 13.06.2018)
Жолд кырсыгы бүгүн эртең менен саат 8.35терде Сүйүмбаев менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Борбор калаада Toyota Allion менен Honda Accord унаалары кагышып, анны кесепетинен айдоочу кыз жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирип, кырсыктын сүрөттөрүн салган.

Анын айтымында, окуя шаршемби күнү болжол менен 8.35терде Сүйүмбаев менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

  • В Бишкеке столкнулись автомобили марок Toyota Allion и Honda Accord
    Борбор калаада Toyota Allion менен Honda Accord унаалары кагышып, анны кесепетинен айдоочу кыз жабыркады
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • В Бишкеке столкнулись автомобили марок Toyota Allion и Honda Accord
    Окуя шаршемби күнү болжол менен 8.35терде Сүйүмбаев менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • В Бишкеке столкнулись автомобили марок Toyota Allion и Honda Accord
    Кырсык болгон жерге дарыгерлер келип, Honda унаасын айдаган кызды ооруканага алып кетишкен.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 3
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Борбор калаада Toyota Allion менен Honda Accord унаалары кагышып, анны кесепетинен айдоочу кыз жабыркады

"Toyota Allion Сүйүмбаев көчөсү менен түндүк тарапты көздөй бараткан. Жумабек көчөсү менен кесилишкен жерге келгенде кыз айдап келе жаткан Honda Accord менен кагышып кетти", — деди ал.

Toyota унаасынын ичинде чоң атасы, чоң энеси жана беш жаштагы небере кызы болгон. Кырсык болгон жерге дарыгерлер келип, Honda унаасын айдаган кызды ооруканага алып кетишкен.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы окуя болгонун тастыктап, жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын айтты. Материалдардын баары тергөөгө жөнөтүлмөкчү.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
302
Белгилер:
унаа, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (356)
Тема боюнча
Сания Шакированын апасы Насипа: неберем энесин издеп ыйлап жатат
Чүйдө жүк ташуучу унааны поезд кагып, айдоочу каза болду
Пикирлер