Бишкек — Ош жолунда жол кырсыгы болуп, 6 адам жабыркады

Жазылуу
Кырсык болгон жерге ошол замат милиция кызматкерлери, ӨКМ куткаруучулары жана медиктер барды.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 68-чакырымында эки унаа сүзүшүп, алты адам жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кырсык 13-июнда 00.25те болгон.

"Бишкек — Ош унаа жолунун Жайыл районундагы бөлүгүндө түндүктү көздөй келе жаткан Mazda 626 унаасы Honda Odyssey менен кагышып кеткен. Кырсык болгон жерге ошол замат милиция кызматкерлери, ӨКМ куткаруучулары жана медиктер барды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында жол кырсыгында жабыркаган алты адам ооруканага жеткирилген. Чогулган материалдар Жайыл РИИБине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0