Ош: унаа коюп кеткен 49 жаштагы эркек киши каза болду. Кырсыктын сүрөтү

© AFP / TIMOTHY A. CLARYБродвей, Нью-Йорк
Бродвей, Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгына караштуу Орке айылынын жашоочусу болгон.

ОШ, 13-июн. – Sputnik. Кара-Суу районунун Тельман айылында Daweo Matiz унааcынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү койдуруп кетип, ал окуя болгон жерде каза болду. Бул маалыматты облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 12-июнда саат 23:40тар чамасында болгон. Кырсыкка кабылган унааны 34 жаштагы киши башкарып бара жаткан. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваНаезд на пешехода в селе Тельман
Наезд на пешехода в селе Тельман - Sputnik Кыргызстан
Наезд на пешехода в селе Тельман

Маркум Ош шаарындагы Жапалак айылдык башкармалыгына караштуу Орке айылынын тургуну болгон. Ал кырсык катталган Кара-суу районунун Тельман айылында устачылык менен алектенип жүргөн. Учурда бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0