Оодарылган автоунаа. Архивдик сүрөт

Мырза-Аке Алайкуу жолунда оодарылып кеткен унаанын айдоочусу мерт болду

512
(жаңыланган 17:12 13.06.2018)
Кырсыктын кесепетинен унаадагы эки жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

ОШ, 13-июн. – Sputnik. Ош облусундагы Мырза-Аке — Алайкуу унаа жолунун 40-чакырымында Audi 100 унааcы оодарылып кетип, анын кесепетинен айдоочу каза болду. Бул маалыматты облустук Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июнь күнү саат 14:00дөр чамасында катталган.

Маркум Кара-Кулжа районунун 1967-жылы туулган С.Т. аттуу жашоочусу экендиги аныкталды.

Кырсыкка кабылган унаадагы эки жүргүнчү Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жеткирилди. Бул фактынын негизинде учурда кырсыктын келип чыгуу себептери райондук милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип жатат.

512
Белгилер:
унаа, жол кырсык, Ош
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (308)
Тема боюнча
Ички иштер министри жол кырсыгынын көбөйүшүнүн төрт себебин айтты
Пикирлер