Кадамжай: 10 жаштагы тестиер мылтык менен башка баланы атып алды

Жазылуу
Окуя 14-июнда саат 16:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кадамжай районунун Кара-Шоро айылынын тургуну мал сарайдын ичине жашырып койгон мылтыкты 10 жаштагы уулу таап алып ойноп, экинчи бир баланы атып алган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Окуя 14-июнда саат 16:00дөр чамасында болгон.

Маалыматта тестиер ойноп отуруп, айылга жайкы каникулга эс алууга келген 9 жашар баланы кокусунан атып алгандыгы айтылган.

"Бала бетинин оң жагынан жараат алып, ата-энеси Кадамжай райондук ооруканасына жеткирип, бетинен 5,6 мм. калибриндеги ок алынган. Кадамжай райондук милициясынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 43 жаштагы кишиге таандык ТОЗ-8 үлгүсүндөгү мылтык документи жок сакталганын жана каттоодо турбагандыгын аныктаган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0