Ысык-Көлдүн үч айылында сел жүрдү

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүПоследствия схода селевого потока в крупнейшем городе Казахстана Алма-Ате
Последствия схода селевого потока в крупнейшем городе Казахстана Алма-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеринде ӨКМ кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катуу жааган жаандан улам сел жүргөндүгүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, анын кесепетинен үч айыл жабыр тартты.

"Ак-Сай айылында 32 турак үйдүн короосун жана селден коргоочу төрт дамбаны суу жууп кетти. Мындан тышкары, Көк-Сай айылына караган алты гектарга жакын айдоо жерди жана Тогуз-Булак айылынын ичиндеги жолду сел каптады", — деп айтылат билдирүүдө.

Жеринде ӨКМ кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат. Жергиликтүү бийлик бөлүп берген 100 мүшөк кум менен жээктер бекемделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0