Ат-Башыда 18 адам кутурма жуктурууга шектелип вакцина алды

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 50 кой өлгөндүгү айтылууда.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ат-Башы районунда кутурма оорусун жуктуруп алды деген шек менен 18 адам вакцина алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Сай жайлоосунда койго карышкыр тийген. Өлгөн малдын эти Бишкекке экспертизага алып келинип, аларга кутурган жырткыч кол салганы аныкталган.

"Өлгөн мал көмүлдү. Чабандын үйүнөн жети адам жана алар менен ошол маалда алакада болгон 11 киши ооруканага кайрылышты. Алар эмделип, чабан кутурма жуктурду деген шек менен ооруканага жаткырылды", —деди район акиминин орун басары Жумагүл Тентимишов.

Учурда 50 кой өлгөндүгү айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0