Бишкекте жол кырсыгынан кийин массалык мушташ чыкты. Сүрөт

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуДТП на пересечении улиц Фрунзе и Калыка Акиева
ДТП на пересечении улиц Фрунзе и Калыка Акиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, 25-30дай киши мушташкан.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекте Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган Lexus автосун сүзгөн. Ал өз учурунда алдында турган унааны койгон. Бир маалда окуянын күбөлөрү ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя саат 23.00дөр чамасында болгон. 

© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБишкекте Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган Lexus автосун сүзгөн.
Бишкекте Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган Lexus автосун сүзгөн. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкекте Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган Lexus автосун сүзгөн.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуАл өз учурунда алдында турган унааны койгон. Бир маалда окуянын күбөлөрү ортосунда мушташ чыкты.
Ал өз учурунда алдында турган унааны койгон. Бир маалда окуянын күбөлөрү ортосунда мушташ чыкты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ал өз учурунда алдында турган унааны койгон. Бир маалда окуянын күбөлөрү ортосунда мушташ чыкты.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуОкуя саат 23.00дөр чамасында болгон.
Окуя саат 23.00дөр чамасында болгон. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Окуя саат 23.00дөр чамасында болгон.
1/3
Бишкекте Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Honda үлгүсүндөгү унаа жолдун четинде турган Lexus автосун сүзгөн.
2/3
Ал өз учурунда алдында турган унааны койгон. Бир маалда окуянын күбөлөрү ортосунда мушташ чыкты.
3/3
Окуя саат 23.00дөр чамасында болгон.

"Honda үлгүсүндөгү унаа Фрунзе көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан. Жүргүнчү аялдын айтымында, айдоочу өзүн жаман сезип рулду башкара албай калган", — деди күбө. 

Ал белгилегендей, жол кырсыгынан кийин жергиликтүү тургундар чогулуп айдоочу менен жүргүнчүгө жардам бере баштаган. Ал эми жолдо өтүп бараткан унаалар токтой калып тургундарга кыйкыргандан кийин массалык мушташ башталган. 

Случаи нападения на людей - Sputnik Кыргызстан
Таксист жаакка чапкан жүргүнчүнүн жубайы окуянын чоо-жайын айтып берди
Күбөнүн айтымында, айдоочулардын бири телефон аркылуу досторун чакырган. Кийин 10 адам жетип келип, массалык мушташка 25-30дай адам катышкан. 

Милиция менен Тез жардам кызматы келген учурда мушташып жаткандар унааларына отуруп качып кеткен. Ал эми жергиликтүү тургундар арыз жазышты. 

Тез жардам кызматы бир адамды ооруканага жаткырды – алдын ала маалымат боюнча Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун кан басымы жогорулап кетип, эсин жогото баштаган. 

Ал эми жерине келген милиция кызматы бардык материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилерин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0