Өзгөндө КамАЗ алдында калган аял каза тапты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта аялдын аты-жөнү такталып жатат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн шаарында КамАЗ унаасынын айдоочусу бир аялды тебелетип кеткенин облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык дүйшөмбү күнү саат 11.30дарда болгон.

"Рулда Араван районунун 35 жаштагы тургуну болгон. Аял окуя болгон жерде көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча аялдын ким экени, кырсык кандайча болгону тактала элек, маркумдун болжол менен 40-45 жаштарда экени айтылууда. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бардык материалдар тергөөгө өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0