Москвада кишилерди койдуруп кеткен кыргызстандык жаран эки айга камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотто сүйлөгөн Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москванын Таган райондук соту Москвада жөө элди койдуруп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулун эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул туурасында РИА Новости агенттинигин кабарчысы сот залынан кабарлады.

Президенты РФ и Белоруссии В. Путин и А. Лукашенко на заседании ВГС Союзного государства России и Белоруссии - Sputnik Кыргызстан
Путиндин маалымат катчысы Москвада күйөрмандарды койдуруп кеткен окуя боюнча үн катты
Москвада такси кызматында иштеп жүргөн КР жараны Чыңгыз Анарбек уулу ишемби күнү жол боюнда кетип бара жаткан жөө адамдарды койдуруп кеткен. Андан жети адам жаракат алган

Окуя боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 264-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

“Тергөөнүн сунушун эске алып, сот Чыңгыз Анарбек уулун эки айга, 16-августка чейин камакка алды", — деди сотто судья Наталия Ларина.

Сотто сүйлөгөн Чыңгыз Анарбек уулу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мындай окуя болуп кеткенине өкүнүп жаткандыгын айткан. Анын айтымында, такси кызматына карызынан кутулуу үчүн мындан бир ай мурда орношкон. Автоунааны киреге алган. 

Таксист бир нече күн эс албай иштеп, окуя болгондо газ менен тормоздун педалын алмаштырып басып алгандыгын айткан. Ал элдин алдында жабырлангандардан жана алардын туугандарынан кечирим сурады. 

Арест бывших сотрудников отдела полиции Хорошево-Мневники - Sputnik Кыргызстан
Чыңгыз, көтөр башты! Мигранттын окуясы шоу-бизнестен бийликке чейин түйшөлттү
Россиядагы КРдин элчилиги мекендешти жактап чыгып, РФтин Кылмыш кодекси боюнча эгерде адам өмүрүнө катуу зыян келбесе, кылмыш иши козголбой тургандыгын айтты. 

Алардын пикиринде, кармалган жаран административдик тартипте жаза алышы керек. Дипломаттардын билдиргенине караганда, Анарбек уулун камакка алуунун кереги жок. Эгерде үй камагына алынса, элчилик аны убактылуу баш калкалоочу жай менен камсыз кылууга даяр. 

Тергөө кыргызстандык жаран тергөө абагына киргизилбесе, ал чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн деген жүйө келтирген. Анарбек уулу окуя болгон учурда “топтолгондор аны өлтүрүп коет” деп корккондуктан, качып кетүүгө аракет кылганын түшүндүргөн.

РФтин Кылмыш кодекси боюнча кыргызстандык жаран эки жылга камалып жана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылышы мүмкүн.

Таксисттин апасы менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеоматериалынан көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0