Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЭкс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев
Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн мурдагы жетекчиси коррупциялык иштерге шектелүүдө.

БИШКЕК, 18-юн — Sputnik. Экс премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, өкмөттүн мурдагы жетекчиси коррупция иштерине аралашты деген шек жаратып жатат.

Ал Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери башталды.

Парламент жазында депутаттык убактылуу комиссиянын ТЭЦти модернизациялоого алынган кредиттин канчалык майнаптуу, туура пайдаланылгандыгын жана аталган жайдагы авариянын себебин иликтеген отчетун уккан. Ага мурдагы премьер-министрлер жана энергетикалык тармактардын башчылары да чакырылган. Кийинчерээк ТЭЦти модернизациялоо маселесине байланыштуу коррупциялык учурлар чыгып, бир катар аткаминерлер камакка алынган. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жана башка аткаминерлер бар. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0