Ноокаттагы кафелердин биринде кесиптешин бычактаган келин 8 жылга кесилди

Жазылуу
Соттолгон келин жазасын аялдардын абагында өтөйт.

ОШ, 20-июн. — Sputnik. Райондук сот Ноокат шаарындагы кафелердин биринде самсы жасап иштеген 23 жаштагы жигитти бычактап өлтүрдү деп айыпталган келинди 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Рука на полу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте киши колдуу болгон адамдын сөөгү өз батиринен табылды
Ага ылайык, соттолгон келин жаза мөөнөтүн аялдардын абагында өтөйт.

Учурда жабырлануучу тарап Ноокат райондук сотунун өкүмүн аппеляциялык тартипте жогорку инстанцияга даттанып, иш эми Ош облустук сотто каралат.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 18-мартында Ноокат шаарында жайгашкан кафелердин биринде самсы жасап иштеген 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылып, анын бычакталганы аныкталган.

Бул оор кылмышка шектелип маркум менен чогуу иштеген 19 жаштагы келин милиция тарабынан кармалган. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Задержание подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги батирден тапанча, акча, зер буюмдарын уурдагандар кармалды. Сүрөт
Соттук териштирүү учурунда белгилүү болгондой, маркум менен шектүү кафеде бирге иштеп окуя катталган күнү пияз тазалап жатып экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Келин маркумду көкүрөккө бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган.

Шектүү да, айыпталуучу да Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын жашоочулары экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0