Баткен — Исфана жолун сел каптап кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРСель на дороге Баткен — Исфана
Сель на дороге Баткен — Исфана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Катуу жаандан улам Баткен районунда сел жүрүп, суу сайдан ашып, Ак-Татыр айыл аймагынан өткөн унаа жолду каптап кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жолдон чоң машиналар гана өтүп жатат. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРСель на дороге Баткен — Исфана
Сель на дороге Баткен — Исфана - Sputnik Кыргызстан
Сель на дороге Баткен — Исфана

"Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 турак үйдүн жер тилкесин да сел каптады", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткенин белгилеп, кошумча маалымат берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0